“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларын бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 1 Т О К Т О М У 5-март 2024-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларын бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси К. Осоровдун айыл аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси К. Осоровдун кайрылуусу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акылары бир баш үй жаныбарлары үчүн төмөнкүдөй баада бекитилсин:
- Жылкы – 70 сом
- Кара мал – 70 сом
- Кой, эчки – 20 сом
- Ит, мышык – 150 сом
- Үй канаттуулары – 20 сом
- Кан алуу –жылкы, кара мал -50 сом, кой, эчки -30 сом
- Клиникалык кароо – 300 сом
- Жасалма жол менен уруктандыруу – 2500 сом
- Малды кесире жолу менен туудуруу – кой, эчки- 1500 сом, кара мал 4000 сом
- Малдын тонун алуу (удаление послед) 1000 сом
- Кара малга бирка тагуу 100 сом, чип салуу жылкыга 150 сом
- Ит, мышыка таблетка берүү (анти гельминтик) 20 сом 1 даанасы
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында үй жаныбарларын ветеринардык талаптарга ылайык, белгиленген мөөнөттө сапаттуу вакциналар менен эмдөө К. Осоровго милдеттендирилсин.
- Жогоруда бекитилген баалар менен иштөөсүн, токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго тапшырылсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков