“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнчча жетектөөчү адиси Г. Исабекованын сунушун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 2 Т О К Т О М У 5-март 2024-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнчча жетектөөчү адиси Г. Исабекованын сунушун кароо жөнүндө”
Ношкен айылынын тургуну А. Мирзалимовдун баласынын ден-соолугунун муктаждыгына байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Г. Исабекованын сунушу эске алынсын.
- Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну А. Мирзалимовго 10 000 (он миң) сом акча каражаттары жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
- Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков