“Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана көп жылдык бактардын ижара акыларын жогорулатуу жөнүндө”

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы 

 

  Жаңы-Арык айылы                      № 4 ТОКТОМУ                               7-февраль 2024-жыл 

 

“Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана көп жылдык бактардын ижара акыларын жогорулатуу жөнүндө”

                                                                                                                                                                                                                                                                                                         

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча комиссиясынын 30.01.2024-жылдагы отурумунун №1-протоколунда негзинде көрсөтүлгөн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жана көп жылдык бактардын ижара акыларын жогорулатуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча комиссиясынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын жогорулатуу жөнүндөгү сунушу эске алынсын.

2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине жана көп жылдык бактарга сунушта көрсөтүлгөн жерлердин категориясына ылайык ижара акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

I – категориядагы 107,0 га  жер аянтынын  ижара акысы 1,0 га жерге 10 000 сомго

II – категориядагы 166,0 га жер аянтынын  ижара акысы 1,0 га жерге 8 000 сомго

III – категориядагы 63,0 га жер аянтынын ижара акысы 1,0 га жерге 5 000 сомго

I – категориядагы 28,0 га  көп жылдык бактын ижара акысы 1,0 га жерге 15 000 сомго

II – категориядагы 18,0 га  көп жылдык бактын  ижара акысы 1,0 га жерге 10 000 сомго

III – категориядагы 4,0 га тыт бактын ижара акысы 1,0 га жерге 5 000 сомго

  1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана көп жылдык бактарды ижарага берүүдө жогоруда көрсөтүлгөн ижара акыларынын өлчөмдөрү менен жерлердин категорияларына ылайык ижара келишимдерин түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы

Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
  2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                     А. Кубатбеков