“Ношкен айылындагы №43 “Керемет” балдар бакчасына кошумча имарат куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы 

Жаңы-Арык айылы                      6 ТОКТОМУ                          28-август  2023-жыл 

“Ношкен айылындагы №43 “Керемет” балдар бакчасына кошумча имарат куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө 

            “Ношкен айылындагы №43 “Керемет” балдар бакчасына кошумча имарат куруу” долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөт башчысы  Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. “Ношкен айылындагы №43 “Керемет” балдар бакчасына кошумча имарат куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы эске алынсын жана артыкчылыктуу долбоор деп табылсын. 
  1. Ноокен райондук Дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 2 851 596 (эки миллион сегиз жүз элүү бир миң беш жүз токсон алты) сомду түзгөн Ношкен айылындагы №43 “Керемет” балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбоорунун сметасынын 7% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 199 612 (бир жүз токсон тогуз миң алты жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы

Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин. 

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы                            А.К.Кубатбеков