“№ 23 «Келечек» балдар бакчасынын эскилиги жеткен отургучтарын, муздаткычын жана бала бакчанын чатырына өрткө каршы суюктук чачып берүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 9 ТОКТОМУ 7-февраль 2024-жыл
“№ 23 «Келечек» балдар бакчасынын эскилиги жеткен отургучтарын, муздаткычын жана бала бакчанын чатырына өрткө каршы суюктук чачып берүү жөнүндө”
№ 23 «Келечек» балдар бакчасынын эскилиги жеткен отургучтарын, муздаткычын жана бала бакчанын чатырына өрткө каршы суюктук чачып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө бала бакчанын администрациясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Жаңы-Арык айылындагы № 23 “Келечек” балдар бакчасынын эскилиги жеткен отургучтарын, муздаткычын жана чатырына өрткө каршы суюктук чачып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
- № 23 балдар бакчасынын эскилиги жеткен отургучтарын, муздаткычын жана чатырына өрткө каршы суюктук чачып берүү үчүн керектелген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бөлүнгөн акча каражатын натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков