Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актылары жаңыланууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актылары жаңыланууда
2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо чөйрөсүндөгү ички ченемдик укуктук актылардын ортосундагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана шайкеш эместиктерди жоюу максатында, БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында кезектеги отурум болуп өттү.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
 
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды.
 
Комиссия мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чөйрөсүндөгү жаңы багыттарды талдап, алар боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоо маселесин талкуулашты.
 
Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштар эске алынып, тиешелүү токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.