Манас шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнө жаңы жетекчи келди

Манас шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнө жаңы  жетекчи келди
Куламидинов Канатбек Мэлисович - Манас шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
Бүгүн, 14-апрелде мэрдин орун басары Кубаныч Шерматов жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Куламидинов Канатбек Мэлисович - 1994-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.
Билими: К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин экономист адистигин аяктаган
 Эмгек жолу:
2016-ж. Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорт инструктору;
2016-2019-жж. Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
2019-ж. бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси.
Эскерте кетсек, Манас шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүн буга чейин Талас Нуралиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.