Тилек Текебаев спорт залдын курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Ырыс айылында жайгашкан “Жаш муун” спорт залынын курулуш жумуштары менен таанышты. Бул туурасында облус башчынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалымат катчы билдиргендей аталган спорт залдын курулушу 2022-жылы башталган. Анын жалпы наркы 51 млн сомду түзүп, облустук жана райондук өнүктүрүү фонду, элдик салым, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуштун 80 пайызы аяктаган.
Курулуштан кабар алганы барган облус башчысы спорт залдагы жумуш ыргагын жеринен көрүп, бир катар кемчиликтерди белгилеп, тийиштүү тапшырмаларды берди.