“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовдун кайрылуусун кароо жөнүндө 

 Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы 

Жаңы-Арык айылы                                 11-ТОКТОМУ                     28-август  2023-жыл 

 

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовдун кайрылуусун кароо жөнүндө 

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовтун таза ичимдик сууну чыгарууда жана жергиликтүү калкка таза ичимдик сууну жеткирүүдө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XX сессиясы. 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовтун таза ичимдик сууну чыгарууда жана жергиликтүү калкка таза ичимдик сууну жеткирүүдө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын. 
  1. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасына жергиликтүү калктын талаптарын канаттандыруу максатында таза ичимдик сууну жеткиликтүү деңгээлде чыгаруу үчүн керектелген 252 960 (эки жүз элүү эки миң тогуз жүз алтымыш) сом акча каражаты атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.           
  1. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасына таза ичимдик сууну жеткиликтүү деңгээлде чыгаруу үчүн керектелген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.           

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы                                                         А.К.Кубатбеков