Жалал-Абад облусу Кытай Эл Республикасы менен таштандыны кайра иштетүү , жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында кызматташышат

Жалал-Абад облусу Кытай Эл Республикасы менен таштандыны кайра иштетүү ,  жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында кызматташышат
Облус башчысы Тилек Текебаев Кытай Эл Республикасында жумушчу сапары жүрөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарынын жана Сузак районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын Пекин, Сиань жана Чанша шаарларында жумушчу сапары менен жүрөт.
Иш сапардын алкагында Манас шаарында жана облус борборуна жакын райондордо таштандыны кайра иштетүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында эки жана үч тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.
Облус башчысы жолугушууларда Жалал-Абад облусунун инвестициялык потенциалы, түзүлгөн шарттар жана буга чейинки ийгиликтүү кызматташуулар тууралуу кеңири маалымат берип, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгиледи.