Жалал-Абад: тиричилик калдыктарын кайра иштетке завод курулушу мүмкүн

Жалал-Абад: тиричилик калдыктарын кайра иштетке завод курулушу мүмкүн

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен Жалал-Абад шаарында тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу боюнча жыйын өткөрдү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана адистер катышты.

Жыйында облус аймагындагы таштандылардын көлөмү жана аларды экологиялык жактан туура утилдештирүү маселелери көтөрүлдү. Тилек Текебаев завод куруу демилгесин колдоорун белгилеп, долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу иликтөөлөр жүргүзүлүшү зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле завод Жалал-Абад шаары менен катар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун калкын да камтышы керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аймакта тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод курулган эмес. Долбоор ишке ашса, ал калкты таза жана коопсуз чөйрө менен камсыз кылууга, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.