Жалал-Абадда Регионалдык инвестициялык кеңештин кеңейтилген жыйыны өттү

Жалал-Абадда Регионалдык инвестициялык кеңештин кеңейтилген жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматовдун төрагалыгы астында Регионалдык инвестициялык кеңештин кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Жыйын региондун экономикалык динамикасын тездетүү, жеке демилгелердин өнүгүшүнө тоскоол болгон административдик барьелерди азайтуу жана облустун инвестициялык потенциалын чыңдоого багытталган актуалдуу маселелерди талкуулоо менен коштолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Күрпсай суу сактагычында форель кластерин түзүү, ошондой эле Токтогул суу сактагычында осетр кластерин уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) форматындагы долбоорлор кеңири каралды. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү долбоорлорду коштоо механизмдери, мониторинг, консультациялык жардам жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. 

Мындан сырткары, чакан жана орто бизнес үчүн маанилүү болгон акциздик маркаларды берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу маселеси талкууланды. Укуктук талдоонун жыйынтыгы катары процессти жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.

Өз сөзүндө биринчи орун басар Нурлан Эрматов региондорду өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал “100 күндүк реформалар” жана “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында административдик жол-жоболорду кыскартуу, санариптик кызматтарды жайылтуу жана “бирдиктүү терезе” системасын киргизүү боюнча иш-чаралар активдүү жүрүп жатканын кошумчалады.