“26 жылдан кийин тарых кайталанды”: Манаста Азия чемпиону Асан Жанышовду тосуп алышты

“26 жылдан кийин тарых кайталанды”: Манаста Азия чемпиону Асан Жанышовду тосуп алышты

Манас шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпиону Асан Жанышовду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Калаанын Азаттык аянтында уюштурулган иш-чарага шаар мэри Абдупата Маткаликов, машыктыруучулар, спортчунун жакындары жана күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш спортчунун жетишкен ийгиликтери белгиленип, ага шаардык бюджеттен 200 миң сом, ал эми машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкуловго 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Машыктыруучулар бул күндүн тарыхый маанисин белгилеп, Жалал-Абад облусунда акыркы жолу 2000-жылы Раатбек Санатбаев чоңдор арасында Азия чемпиону болгонун, арадан 26 жыл өткөн соң бул жетишкендик кайрадан кайталанганын белгилешти.

Белгилей кетсек, 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага 20дан ашык өлкөдөн жүздөгөн спортчулар катышкан.

21 жаштагы Асан Жанышов 87 кг салмак категориясында күч сынашып, жогорку деңгээлдеги күрөш көрсөттү. Алгачкы беттешинде түркмөнстандык атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңсе, жарым финалда казакстандык балбанды 8:0 эсебинде утту. Финалда ирандык атаандашын 11:4 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.

Спортчу жеңишке жетүү оңой болбогонун белгилеп, мындан ары 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына даярданаарын билдирди.

Ошондой эле Асан Жанышов буга чейин да эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып келген. Ал 2025-жылы дүйнө чемпионатында коло медаль утуп, андан мурда жаштар жана 23 жашка чейинкилер арасында бир нече жолу чемпион аталган.