Жалал-Абад милициясындагы жетекчи кармалды
УКМК Жалал-Абад облустук ИИБдин башчысынын орун басарын жана тергөөчүнү пара алып жаткан жеринен кармады.
Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуп, кылмыш ишин козгобоо үчүн 2000 АКШ долларын талап кылышкан.
Эки кызматкер Ички иштер бөлүмүнүн имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда кармалды.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.



