Бишкек-Ош унаа жолунда «Деу Матиз» унаасы кырсыкка кабылып, эки киши бейтапканага кайрылган

Жол транспорт кырсыгы кечээ 23-апрелде кечки саат 19дар чамасында орун алганын окуянын күбөлөрү билдирди.
“Биз Жалал-Абад шаарынан Базар-Коргон районун көздөй бара жатканбыз. Кечки саат 19дар чамасында Базар-Коргондон Жалал-Абад багытын көздөй келе жаткан “Деу Матиз” унаасы каттуу ылдамдыкта бара жатып, башкаруусун жоготуп жол четиндеги түнкү жарыктын бетон мамысын үзө сүзүп, жол четиндеги сел арыкка түшүп кетиптир. Унаада айдоочу жана жүргүнчү бар экен, алар жараат алып, бейтапканага кетишкен”,-дейт окуянын күбөсү.
Сузак аймактык бейтапканасынан жол кырсыкка кабылган 2 киши амблатордук жардам алып үйлөрүнө кетип калганын билдиришти.
Кырсык боюнча Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымат тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.