Жалал-Абадда гүлдөрдү талкалаган жаран кармалды

Жалал-Абадда гүлдөрдү талкалаган жаран кармалды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалым болгондой, ал бул кадамга мас абалда барган. 
Белгилүү болгондой, 24-сентябрдан 25-сентябрга  караган түнү, калаадагы  курортко бараткан жолдун жээгиндеги гулдөр белгисиз адамдар тарабынан талкалаганадыгы боюнча, шаардык ички иштер бөлүмүнүн  нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшүп, маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. 
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 2025-жылдын 26-сентябрь күнү  шаардын 1986-жылы туулган О.Ж. аттуу тургуну аныкталып, тергөөгө камсыз кылынган. 
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.