Жалал-Абаддагы Сары-Кыр ашуусунда калган жаран суукка тонуп каза болду.
Анын сөөгү Жалал-Абадка жеткирилди. Мындай маалыматты Турмуш басылмасы ишенимдүү булактарга шилтеме берүү менен билдирди. Маалым болгондой, бугун аны эвакуациялоо үчүн ӨКМдин тик учагы учуп кеткенин министрлик билдирди.
Маалыматта 5-ноябрь күнү 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураганы айтылат. Окуя болгон жерге кечээ төрт куткаруучу, төрт милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү техника менен барган.
Бүгүн дагы 28 адам тартылган, анын 16сы — ӨКМ кызматкерлери. Ошондой эле алты техника жөнөтүлгөн. Бүгүн ӨКМ башкармалыгынын башчысы ыкчам жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик эки техникасы жолду ачууга тартылды.
Сары-Кырдагы аталган унаа жол 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде жабылган болчу.
Маалым болгондой, К. Э Таш-Көмүр шаарынын туругуну болгон, ал курулушу жүруп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушда кытайлык адистерге котормочу болуп иштеп жатканы белгилүү болду.
Бул окуя боюнча ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына кайрылганыбызда. Мекеме маалымат такталып жатканын билдирди.