Тогуз-Тородо өрттөнгөн мектептин окуучулары убактынчалуу аралыктан билим алышат

Тогуз-Тородо өрттөнгөн мектептин окуучулары убактынчалуу  аралыктан билим алышат

Мындай маалыматты район акими Манас Мураталиев ырастады. Анын айтымында окуучулар эртеңден тарта салттуу окутууга кайтышат.

«Райондо жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен чыккан өрт саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Жергиликтүү тургундар, куткаруучулар мектептин ичиндеги парта, стулдарды айрым китептерди алып чыгууга жетишти. Ушул тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат. Окуучулар бүгүн аралыктан окуп жатат. Азыркы тапта өрттөнгөн имараттын жанындагы ашкананы класстык бөлмөгө ылайыкташтырылып жатат, аны менен катар эски мектепти окуу процесине даярдап жатышат. Буйруса эртеңден тарта салтуу окутууга өтүлөт»,-дейт аким М. Мураталиев.

Кошумчалай кетсек, Тогуз-Торо районунда 13 мектеп бар.

Эске салсак, кечээ 15-мартта кечке жуук райондогу №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан. ӨКМден билдиргендей, тилсиз жоо билим уянын 693 чарчы метр аянтын жалмап кеткен.