Жалал-Абадда шашылыш түрдө бара жаткан кызматтарга жол бербеген айдоочуларга 500 миң сом айып пул салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 10-август күнү калаада атайын «Маяк» аталышындагы рейддик иш чара уюштурулган.
«Рейд учурунда тез жардам, ӨКМ жана ИИМдин шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жаткан кызматтык унааларына башка катардагы унаалардын айдоочулары жол бошотуп берүүсү текшерилди. Анын алкагында жол бербеген 50 учур катталып, унаалардын айдоочуларына 500 миң сом айып салынды»,-деди мекеменин кызматкери Аман Джолборсалиев.
Мындан сырткары ал ушундай эле рейддер калаада жана Бишкек-Ош унаа жолунда да алдыңкы күндөрү улантылаарын кошумчалады.
КРнын Укук бузуулар кодексинин 188-беренеси. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
4-пункт Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.