2026-жылдын 6-февралына караган түнү, саат 00:30 чамасында Манас шаарынын СМУ кичи районунда бир топ балдардын бири-бирине таш ыргытып урушканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Манас ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдар жана видеоматериалдар топтолгон.
Топтолгон материалдарга таянып, Манас ШИИБдин тергөө кызматы окуяны Кылмыштардын Бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жалал-Абад милициясынын ыкчам иликтөө иштери менен массалык мушташка катышкан балдардын өздүктөрү аныкталып, тергөө үчүн жеткирилген. Алардын ичинен бир бала учурда ооруканада дарыланууда.
Окуя Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде тергөө амалдары улантылып жатат.