Базар-Коргондо балдар бакчасынын жетекчиси иштебеген кызматкерлерге эмгек акы чегерип, мамлекетке 1 млн 180 миң сом зыян келтирген

Базар-Коргондо балдар бакчасынын жетекчиси иштебеген кызматкерлерге эмгек акы чегерип, мамлекетке 1 млн 180 миң сом зыян келтирген

Окуя, райондун Кеңеш айыл аймагынын Каба айылындагы №16 Ак-Тилек балдар бакчасында орун алган. Ишти райондук прокуратурасы текшерүүгө алып, бакча жетекчисин чыгымдын оордун толтурууга милдеттендирген, деген менен ал дагы деле жетекчилик кызматты аркалап келе жатат.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов аты аталган жетекчи Н. К акыркы 3 айдан бери Базар-Коргон шаарындагы балдар бакчасынын бирин жетектеп келе жатканын ырастады.

«Н. К биздин бөлүм менен келишими бар. Ал 5 жыл Каба айылындагы балдар бакчасында жетекчи болуп иштеп келген. Азыр жетекчилик нөөмөтү аяктап, быйыл январда калаадагы балдар бакчасынын бирине жетекчи болуп дайындалган. Январь айында жергиликтүү тургун анын үстүнөн көзөмөл органына бакчада финансылык мыйзам бузуучулук бар экенин айтып арыз менен кайрылган экен. Текшерүү учурунда чындыгында Н. К жетекчи болуп турганда иштебеген кызматкерлерге айлык чегерип келгени аныкталып, келтирилген зыяндын оордун толтуруу жөнүндө чечим чыгып 1 млн 180 миң сом төлөп бериптир. Райондук прокуратура ага карата каттуу тартиптик жаза колдонуу боюнча сунуштама берген. Ал боюнча жетекчине катуу чөгүш берилди. Учурда ал башка балдар бакчасында 6 айлык мөөнөт мененжетекчи болуп иштеп келе жатат»,-деди С. Жалилов.

Мындан сырткары ал сөз болуп жаткан жетекчи өзүнүн жолдошун балдар бакчасына кароолчу кылып жумушка кабыл алып, акы төлөп келгенин ырастап, ал боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн жекекчисине да сөгүш берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, Базар-Коргон районунда 52 мамлекеттик балдар бакчасы бар анда 6923 бала тарияланат. Ал эми, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпы 982 кызматкер эмгектенип келет.