Жалал-Абадда Кыргызстан аялдар кеңешинин 100 жылдыгына карата форум болду Фоторепортаж

Жалал-Абадда  Кыргызстан аялдар кеңешинин 100 жылдыгына карата форум болду  Фоторепортаж

Калаадагы Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында уюштурулган “Аялдар-тарых жаратуучулар” аталышында иш чара Жалал-Абад облустук Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган.

Иш чарага республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыкан Ажимаматова жана ар тармакта эмгектенген аялдар катышты.

Саамалыкта өлкөнүн тарыхында көрүнүктүү айымдардын басып өткөн жолдору сахналаштырылып, айымдардын колунан жаралган кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, иш-чара концерттик программа менен коштолду.