Жалал-Абадка Монголиянын Орхон аймагынан делегация келди

Жалал-Абадка Монголиянын Орхон аймагынан делегация келди
 14-сентябрда, Жалал-Абад шаарына Монголия Республикасынын Орхон аймагынан расмий делегация келди.
Конокторду “Жалал-Абад” аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
Бул сапар Жалал-Абад облусу менен Орхон аймагынын социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарын кеңейтүү, достук жана кызматташтык алакаларды чыңдоо максатында уюштурулду. Делегациянын алкагында бир катар жолугушуулар, таанышуулар жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.