Базар-Коргондо жаңы спорттук жана балдар аянтчалары пайдаланууга берилди

Базар-Коргондо жаңы спорттук жана балдар аянтчалары пайдаланууга берилди
 Базар-Коргон шаарына караштуу Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында заманбап спорттук жана балдар аянтчаларынын курулушу аяктап, тургундардын пайдалануусуна берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Долбоор жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашып, эс алуу багынын аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, ошондой эле балдар ойноочу аянтчалар курулган. Мындан тышкары аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Облус башчысы тургундарды куттуктап, бул долбоор жергиликтүү бийликтин, жеке ишкерлердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашканын белгиледи. Ошондой эле ал жаңы курулган спорттук жана балдар аянтчалары Базар-Коргон районунун социалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп, тургундардын ден соолугун чыңдоого, ынтымакты бекемдөөгө жана калктын эс алуу маданиятын өркүндөтүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи.