Көптөн күткөн көпүрөнүн курулушу аяктады

Көптөн күткөн көпүрөнүн курулушу аяктады
Сүрөттөр Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысынан алынды

Сузак районундагы Жалал-Аабад шаары менен Кызыл-Туу айыл айымагын байланыштырып турган Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн жаңыланган курулушу аяктап пайдаланууга берилди.

Бүгүн анын ачылышы болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров баштаган жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты

Аталган көпүрө 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келгени тууралуу адистер тарабынан чечим чыгарылган. Мындан улам эски көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн. Анын узундугу 72, туурасы 10,5 метрди түзөт.