Ала Букада аталар күнү белгиленди

Ала Букада аталар күнү белгиленди

 Райондук  администрациясынын демилгеси менен уюштурулган бул саамалыкка район акими Руслан Айтбаев да катышып,  айыл аймактардан  кадырлуу аксакалдар чакырылып,  аларга ооз ачарга утурлай сый тамак уюштурулду.  

Аким аталарды куттуктап, алардын  коомдогу маанилүү ордун белгилөө менен, чың ден-соолук, дөөлөттүү карылык каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  майрамдык маанай тартууланды.

Абдумомун Калбаев "Акыйкат"