Жалал-Абадда Кыргыз-Орус аймактарынын Достук паркы ачылды

Жалал-Абадда Кыргыз-Орус аймактарынын Достук паркы ачылды

 Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков, КРнын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана эки өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы А. Жапаров алгач Жалал-Абад шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, бул парк алдыда Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, эки өлкөнүн аймактарынын достугун, келечек муундардын байланышынын символу болооруна ишенээрин билдирди.

Эс алуу жайдын ачылышы бүгүн, 26-октябрда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес. Бүгүн тарыхы терең, өзгөчө табиятка бай, меймандос эли менен айырмаланган, Кыргызстаныбыздын үчүнчү ири шаары – Жалал-Абад шаарынын күнү. Бул Достук паркы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, көркүнө көрк кошот”, — деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт. Паркта коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери сыяктуу заманбап паркка тиешелүүнүн баарын кезиктирүүгө болот. Ошондой эле, бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылоосунда курулду, бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2 млн доллар.

"Акыйкат"