Аксыда мектеп окуучулары жана студенттер үчүн «Кыргыз прокуратурасынын тарыхы» тууралуу лекциялар уюштурулду.

Аксыда мектеп окуучулары жана студенттер үчүн «Кыргыз прокуратурасынын тарыхы» тууралуу лекциялар уюштурулду.

Мындай маалыматты Аксы райондук прокуратурасынан билдиришти. Маалым болгондой, көзөмөл органынын кызматкерлери “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” аттуу интерактивдик лекция уюштурулган.

«Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык мааракесин утурлай Аксы райондук прокуратурасы тарабынан атайын интерактивдик лекция уюштурдук. Ага Кербен шаарындагы №69 кесиптик лицей-мекемесинин, Кызыл-Туу айылындагы №53 кесиптик лицей-мекемесинин, Ж.Мавлянов атындагы №14 Кербен инновациялык лицей-жатак мектебининин окуучулары катышышты. Иш чарада Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тарыхы, бүгүнкү күндөгү ролу жана аны түптөгөн жетекчилери тууралуу баяндалып, катышуучуларга “Прокурордун бир күнү” аттуу видео тасмасы көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

"Акыйкат"