Сузактын Жоон-Күнгөй айылында 100 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Сузактын Жоон-Күнгөй айылында 100 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

 Райондун Көк-Арт айыл аймагына караган бул айылдагы № 92 Камчыбек Тайгараев атындагы  мектептин курулушу 2023-жылдын сентябырында башталган. Мында билим алган 86 бала 2 жылдай айылдагы үйдө билим алышканын мектеп директору  Курстанбек Эшенкулов  айтат.
“Эски мектептин имараты 1960-жылдары ашар жолу менен курулуп, акыркы жылдары 3 бөлмөлү имарат авариялык абалга келген болчу. Долбоор жазып, 2023-жылы курулуш башталды. 100 орундуу 2 кабаттан турган имараттын  сметалык баасы 54 млн 289 миң 959 сом болчу. Ага тендер жарыяланып “Авангард и КО” ЖЧКсы 47 млн 767 миң 503 сомго утуп алып, иштерди баштаган. Бүгүнкү күнү бардык шарты менен курулган мектепке жалпы айыл эли, мугалимдер кубанып турабыз. Буга чейин мектебибиз башталгыч класс болуп, 80ден ашык балага билим берип келсек, бүгүн жалпы билим берүүчү мектеп статусуна ээ болуп 11-класстарга чейин билим беребиз. Ушул тапта 208 бала мектепте тарбияланат”,-дейт мектеп директору. 
Сөз болуп жаткан билим уясы 2007-жылдан бери КР "Эл агартуунун отличниги" Тайгараев Камчыбектин ысымын алып келет. 

К. Тайгараев 1927-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жоон-Күнгөй айылында жарык дүйнөгө келген.     
1950-жылы Көк-Арт мектеп гимназиясын бүтүрүп, 1952-жылы Жалал-Абаддагы мамлекеттик мугалимдер институтунун биология жана география адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
 Мугалимдик эмгек жолун 1952-жылы Кара-Булак айылындагы Совет мектебинде директордук кызматтан баштап, аны 1956-жылга чейин  аркалаган.
1956-жылдан 1965-жылга чейин Саты айылындагы Карл Маркс мектебинин директору, 
1965-жылдан 1971-жылга чейин Жоон-Күнгөй айылындагы 8-март орто мектебинин директору кызматын аркалаган.
1971-жылдан 1975-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы N1 Кесиптик лицейинде ага окутуучу,
1975-жылдан 1993-жылга чейин 8-март орто мектебинде химия-биология мугалими болуп эмгектенген.
Кошумчалай кетсек, бүгүн 1-сентябрь билим күнүн утурлай Жалал-Абад облусу боюнча жаңыдан курулган 16 мектеп, 4 бала бакча пайдаланууга берилди. 
Дубанда жалпы 485 мектеп бар болсо, аларда 17миң 500дөн ашык мугалим эмгектенет. Ал эми, быйылкы 2025-2026-окуу жылында дубандагы мектептерге 58миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды.