Жалал-Абад облусуна 4 миңге чукул “Алтын Казык” ноутбуктары жеткирилип, мугалимдерге берилүү алдында турат

Жалал-Абад облусуна 4 миңге чукул “Алтын Казык” ноутбуктары жеткирилип, мугалимдерге берилүү алдында турат

Мындай маалыматты облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Айылчы Гулатов билдирди. Анын айтымында дубан аймагындагы мугалимдер атайын окутуудан өткөрүлгөн.  
«Ушул күндөрү жаңы ноудбуктар толугу менен жеткирилип келинди. Алар, STEM предметтеринин, тагырагы так илимдер предметинен сабак берген мугалимдерге тапшырылат. Ушул тапта бизге жалпы 3937 ноудбук берилди. Аны менен катар 1200дөй мугалим  12 жылдык билим берүү системасы боюнча жана заманбап технологияларды пайдаланып сабак өтүү боюнча окутуудан өтүп жатышат. Мындай окутуулар алдыңкы күндөрү дагы улантылат»,-деди  Айылчы Гулатов.
Буга чейин, Агартуу министрлиги жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилгенин кабарлаган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.
Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 464 мамлекеттик, 21 жеке менчик мектеп бар. Аларда 17 400дөн ашык мугалим эмгектенет.