Жаңы мектептин курулушуна тоскоол болгон эски мазар

Жаңы мектептин курулушуна тоскоол болгон эски мазар

Базар-Коргондо абакка ылайыкташып курулган мектепте окуган окуучулар эсиңиздеби! Эми алардын жарымы башка мектепке каттап билим алууга аргасыз болууда. Райондун Арстанбап айыл аймагында жайгашкан №36 С.Балтабаев мектебинде ушул тапта 590 бала бар. 2 корпустан турган эски мектетин 10 класс комплекттеги 253 окуучусу мугалимдери менен кошуна айылдагы №16 Козубай Рахманов мектебине каттап окуп жатышат. Сөз болуп жаткан билим уянын директору Рустам Убайдуллаев мындай кадамга баруусуна мектеп авариялык абалда болгону, жаңы имараттын курулушу башталбаганы себеп болгонун айтты.

«Барына белгилүү болгондой биздин мектеп 1 кылым мурда абакка ылайыкташып курулган. Былтыркы жылы мектебибиз урап калуу коркунучунда тургандыктан окуу жылынын башында 1-4-9-11- класстан башка класстар 2 айдан кезеги менен онлайн окуп жатышкан. Кийинчерээк айылдагы 2 үйдү алып, мектепке батпай калган балдарды үйдө окутуп жатканбыз. Ошол мезгилде мектептин жаңы имаратын куруу үчүн долбоор даярдап баштаганбыз. Азыркы имарат турган жердин жалпы аянты 41 сотик болчу экен, мен айыл өкмөттөн суранып, дагы 41 сотик жер коштургам. 150 орундуу мектеп курууга долбоор даярдалган болчу, бирок «жериңер тар экен» жана «мектептин жанында эски мүрзө бар экен, бул талапка туура келбейт» деген негиз менен райондук архитектура башкармалыгы уруксат бербей жумуштар токтоп калды.

Эски мүрзө тууралуу айтсам, ал жерге бир туугандардын сөөгү коюлган экен. Акыркы сөөк 2011-жылы жерге жашырылган. Мүрзөнүн ичинде 10го жетпеген киши коюлган. Азыр эми, 253 бала мугалимдер менен бирге кошуна айылдагы мектепке каттап окуп жатат. А калган балдар тар, караңгы класстарда билим алууга аргасыз болууда. Азыркы сабак өтүп жаткан класстык бөлмөлөр талапка жооп бербейт, 1 партада үчтөн отурган балдар, доска менен окуучулар отурган партанын аралыгы сакталган эмес, айла жоктун иши болуп жатат. Былтыркы жылы бардык жетекчилер, министрибиз келип абалыбызды көрүп, мектеп курулаарын айткан, бир жылдан бери жылыш жок»,-дейт ал.

Сөз болуп жаткан №36 С.Балтабаев мектеби 1936-жылы ашар

жолу менен абакка ылайыкташып курулган. Кийинчерээк ал жер колхоздун

имараты андан соң, айылда мектепке муктаждык пайда болгондо билим уя

катары пайдаланылып калган. Имаратка 2021-жылы ӨКМ тарабынан кооптуу катары корутунду чыккан.

Ал эми, мектептин кошумча корпусу 2008-жылы Эл аралык уюмдар тарабынан курулуп берилген. Ушул тапта мында 37 мугалим эмгектенип, 590 балага билим берип келет.

Базар-Коргон району боюнча 69 мектеп бар. Анда 3800дөн ашык мугалим

эмгектенип, 41 миң 818 окуучуга билим берип келет.