Жалал-Абад: облсустук билим берүү усулдук борборуна жаңы жетекчи дайындалды

36 жаштагы математика мугалими Шаирбек Эргешов Жалал-Абад облсустук билим берүү усулдук борборунун директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева кол койду.
Жаңыдан дайындалган жетекчи Ш. Эргешов буга чейин Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүндө эмгектенип келген.
Ал эми, сөз болуп жаткан Жалал-Абад облсустук билим берүү усулдук борборунун башчысынын милдетин убактынчалуу Айылчы Гулатов аткарып турган болчу.
Резюме:
аты-жөнү: Эргешов Шаирбек Маматович
туулган жылы, айы, күнү: 26-июль 1989-жыл
Туулган жери: Жалал-Абад областы, Сузак району, Таштак айылы
Улуту: Кыргыз
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлү
Билими: Жогорку, 2012-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин педагогика факультетин аяктаган.
Адистиги: Математика мугалими
Иш таржымалы:
- 2010-2012 жж. Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин окутуучусу
- 2012-2020 жж. Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун усулчусу, директордун орун басары.
- 2020-2025-ж. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси.