Жалал-Абаддагы мектеп оңдолуп жаткандыгына байланыштуу окуучулар ЖОЖдун имаратында окуп жатышат

Калаадагы №4 мектептин имараты 1951-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Бирок ошол жылдандан бери масштабдуу түрдө капиталдык оңдоодон өтө элек экенин мектеп директору Бурма Жайлооева айтат. Анын айтымында айрым класстардын, коридордун полу чирип, түшүп калган болчу.
«Мектебибиздин эскилиги жетип балдар үчүн кооптуулук жаралып калган. Мындан улам быйыл жазында имараттын зарыл болгон жайларын гана оңдоо үчүн түрткү берүүчү грандка долбоор жазып, ал колдоо тапкан. Оңдоп-түзөөнүн жалпы сметасы 12 млн сом болчу, тендерден «Ака» ЖЧКсы 7 млн 800 миң сомго утуп алып ишти баштаган. Ушул тапта жумуштар дээрлик аягына чыгуу алдында турат. Ал 24-сентябрьга чейин аягына чыгат. Аны менен бирге имараттын калган бөлүгүн да оңдоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп оңдоло турган болууда, учурда анын сметасы даярдалууда. Жумуштар аягына чыкса мектебибиз толук реконструкциялоодон өтөт.
Ушул тапта 1537 окуучу жана 73 мугалим Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасындагы имаратка көчүрүлүп окуп жатышат»,-дейт мектеп директору Б. Жайлооева.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 муниципиалдык мектеп бар.