Бул жылы жайкы каникулда Жалал-Абадда 1600дөн ашуун мугалим жана алардын балдарына эс алуу уюштурулду

Бул жылы жайкы каникулда Жалал-Абадда 1600дөн ашуун  мугалим жана алардын балдарына эс алуу уюштурулду

Мындай маалыматты Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди. Анын айтымында эс алуу 3 агым менен уюштурулган.

«2025-жылдын жай айларында Жалал-Абад шаардык билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер, тарбиячылар жана башка кызматкерлер үчүн кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган эс алуу иштеринин алкагында мугалимдер ден соолугун чыңдап, эс алып кайтышты.
​1-агым
да 165 кызматкер Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алышса.

2-агымда кесиптик бирликтин 1511 мүчөсү Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Падыша-Ата, Кара-Шоро, Кара-Кой жана Алай аймактарында эс алды.
Ал эми, ​3-агымдагы эс алуу
бирлик мүчөлөрүнүн балдарына уюштурулуп, 30 бала Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Алтын-Балалык” эс алуу борборунда эс алышты»,-деди М. Мамасыдыков.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 балдар бакчасы жана 1 мектептен сырткаркы билим берүү уюму ишмердигин жүргүзүп келет. Аларда жалпы 2800дөн ашуун педагог эмгектенет.