Жалал-Абадда мугалимдеринин август кеңешмеси өткөрүлдү

“Алтын казык – доор өзгөрткөн билим” аталышындагы кеңешмеге Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев жана дубандагы район-шаарлардан келген педагогдор катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө “STEM” (Science-Илим, Technology-Технология, Engineering-Инженерия жана Mathematics-Математика) сабактарынын мугалимдерине ноутбуктар берилди жана 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыктары жана жаңы окуу жылынын негизги иш багыттары, тапшырмалары каралды.
Буга чейин Турмуш Жалал-Абад облусунда атайын окутуудан өткөн мугалимдерге 4 миңге чукул ноудбуктар берилгенин жазган.
Жалал-Абад облусунда 464 мамлекеттик, 21 жеке менчик мектеп бар. Аларда 17 400дөн ашык мугалим эмгектенет.