Жалал-Абадда бир апта ичинде спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган 49 мас айдоону аныкталды

Жалал-Абадда бир апта ичинде спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган 49 мас айдоону аныкталды

Мындай маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалынынан билдиришти. Маалым болгондой, жол кыймылын тескеген инспекторлор 16-августтан, 22-августка чейинки аралыкта эреже бузган 2482 айдоочуга админстративдик протоколдорду толтурушкан.

«Анын ичинен ылдамдыкты ашыра айдаган 825 айдоочу. 143 айдоочу унаасын карама-каршы тилкеде айдаган. 35 айдоочу унаасынын техникалык паспорту же айдоочулук күбөлүгү жок башкарса, 49 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып рулга ээ болгон. Ал эми, 17 унаанын айдоочусу унаасынын эч кандай уруксак кагазы жок алдыңкы айнектерин караңгылатып алган, соңунда 151 унаа атайын айып короого токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.