Жалал-Абадда уюштурулган ири рейдде 97 мас абалда унаа башкарган айдоочу кармалды
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, “Бахус” аталышындагы рейд 25-декабрдан 10-январга чейинки аралыкта өткөн.
“Бахус” аталышындагы рейддин алкагында жалпы жол эрежесин бузган 4110 айдоочу аныкталды. Анын ичинен 97 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып, рулга ээ болгон. 67 айдоочу унаасын карама-каршы тилкеде айдаса, 9 айдоочу унаасын уруксат кагазы жок караңгылаткан. 1627 айдоочу белгиленген ылдамдыкты ашырып айдап, 66 айдоочу унаанын техникалык паспорту же айдоочулук күбөлүгү жок башкарган. 2121 айдоочу ар кандай эрежелерди бузуу менен катталса, 123 айдоочуга жөө жүргүнчүгө жол бербегени үчүн админстративдик протокол толтурулган. Ал эми, 252 унаа айып короо жайына токтотулган”,-деп айтылат маалыматта.