Ала-Букада орун алган сел унааны агызып кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиргендей сел кырсыгы райондун Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында орун алган.
«2025-жылдын 14-апрель күнү Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун сел суулары каптап, жергиликтүү жашоочунун «ВАЗ 21-07» автоунаасын агызып кеткен.
Аталган аймакка райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүп жатат»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.