Токтогул суу сактагычына 1 млн даана «Сига» балыгынын чабактары коё берилди

Токтогул суу сактагычына 1 млн даана «Сига» балыгынын чабактары коё берилди

Мындай маалыматты жергиликтүү экоактивист Акыл Гүлжигит уулу маалымдады. Анын айтымында, суу сактагычка чабактар акыркы жолу 2022-жылы коё берилген.

«Токтогул суу сактагычында балыктардын санын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ихтиолог адистери тарабынан 1 млн даана «Сига» пародасындагы балыктын чабактары коё берилди. 1 айлык болгон чабактарды адистер атайын Кара-Колдон алып келип, суунун температурасын карап салышты. Буга чейин 2022-жылы да суу сактагычтын ушул участкасына чабактарды коё берген экен. Андан бери суу сактагычта балыктар көбөйгөнү байкалган»,-деди ал.

Эске салсак, быйыл жыл башында Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2500 метр синтетикалык тор чогултулуп, жок кылынып, үч жаранга айып пул салынган.

Ал эми былтыркы жылы мыйзамсыз балык уулаган 12 жарандан 41 миң 203

сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн. Мындан сырткары 47 жеке жана

юридикалык жактардан 104 миң 500 сом айып пул мамлекеттин эсебине алынган.