ЭАУда кыргыз спортунун 100 жылдыгы белгиленип жатат

ЭАУда кыргыз спортунун 100 жылдыгы белгиленип жатат

8-апрелден баштап К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетин студенттеринен жана мугалимдеринен куралган командалар, спорттун бир нече түрүнөн күч сынашууда.

«Спорттун волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика, кичи футбол жана башка түрлөрү боюнча спорттук мелдештер башталды. Мелдештердин уюштуруучулары: ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу. Жеңүүчү командалар ректораттын атайын дипломдору, байгелери жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат, мыктылары ЭАУнун курама командаларына кошулуп, республикалык универсиадаларга жана спартакиадаларга катышышат»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1925-жылдын 8-апрелинде биринчи уюштуруу жыйыны болуп, анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин биринчи курамы шайланган. Ушул учурдан баштап Кыргызстандын дене тарбия кыймылынын тарыхы жүргүзүлөт.