Жалал-Абадда Нооруз майрамына арналган кыргыз-өзбек достук концерти болду

Калаадагы Барпы Алыкулов атындагы драм-театрында уюштурулган иш чарага Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Урматбек Самаев, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана өлкөдөгү “Ватандошлар” коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн коңшу өлкөнүн башкы консулу З. Ахмедов эки өлкөнүн ортосунда социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктар жаңы багытка кеңейгенин белгилеп, эки элдин карым-катнашы жакшырганына токтолду.
Концерттик программанын жүрүшүндө эки элдин маданият өкүлдөрү келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ага чейин ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев консул баштаган “Ватандошлар” коомдук фондунун өкүлдөрүнөн куралган делегация менен жолугушкан болчу.