Ноокенде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу иш чара болду

Ноокенде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу иш чара болду
Бүгүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча кеңири көлөмдөгү иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов, коомдук-мамлекеттик ишмер жана серепчи Кадыр Кошалиев, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору Кубанычбек Калчакеев, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору Жеңишбек Дүйшеев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары, мектеп жана бала бакча жетекчилери, айыл башчылары, имамдар, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин өкүлдөрү, жаштар жана активдүү аялдар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кеңири талкуулар уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча чыгарылган Жарлыктын маңызын коомчулукка кеңири жеткирүү жана анын жүзөгө ашырылышын биргеликте камсыз кылуу болду.