ПАДЫША-АТА КОРУГУ  ЖАҢЫ  КЕҢСЕЛҮҮ БОЛДУ

ПАДЫША-АТА КОРУГУ  ЖАҢЫ  КЕҢСЕЛҮҮ БОЛДУ

2003-жылы Аксыдагы Авлетим токой чарбасынан  Падыша -Ата токойчулугу бөлүнүп, бул аймактын ажайып бир кооздугун, биотүрдүүлүгүн, жан -жаныбарларын сактап, өнүктүрүү максатында Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу түзүлгөн. Ушул мезгилге чейин коруктун кызматкерлери шарты бар кеңсеси жок, ар кайсы жерде бош жай болсо, көчүп конуп иштеп келишкен.  Падыша-Ата мамлекттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленип жаткан учурда коруктун заманбап эки кабаттуу, бардык шарты менен курулган кеңсесинин да ачылыш аземи болду.

   Бул күн корукчулар үчүн кош майрам катары өзгөчө болду. Аземге Кашка-Суу айылынын эли,коруктун ардагерлери, райондун жетекчилери келишти. Кеңсенин ачылыш аземине Кыргыз республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары  Мирислав Аманкулов жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директору Азамат Кенжебаев, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Замирбек Сыдыков келип, жаратылыш коругунун кызматкерлерин коруктун уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракеси жана  заманбап эки кабаттуу жаңы кеңсесинин ачылыш аземи менен куттукташып, коруктун кызматкерлерине баалуу белектерди тапшырышты. Жаңы имараттын курулушуна 7798442 сом каражат жумшалды. Салтанатта токойчуларга мындай камкордук көп жылдардан бери болбогондугу айтылып, Президентке, министрдин дарегине ыраазылыктар айтылды. Райондун ардагерлерли Абдыкайым Өмүрбеков, Кеңеш Ибраимов куттуктап, каалоо тилектерин билдиришти.

     Белгилеп кетүүчү нерсе учурда 30 миң гектардан ашык аянты , анын ичинен 14 миң гектардан ашык өзгөчө корголууга алынган аянты бар корукта өсүмдүктөрдүн 859 түрү, сүт эмүүчүлөр тобуна кирген 30 түрдүү жаныбарлар, канаттуулардын 51 түрү, андан сырткары кийик, аркар, кулжа, элик, доңуз, камандар, суурлардын 2 түрү,карышкыр, аюу, кекилик, улардын түрлөрү жашайт жана корукка алынган. Падыша -Ата коругунда учурда 26 корукчу- токойчу эмгектенет. Аземде бир катар мыкты иштеген азаматтарга Ардак грамоталар, медалдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

  

Абдымомун Калбаев,