Ноокендеги турак үйдөн мыйзамсыз сакталган 6 тоннага жакын күйүүчү май аныкталды

Ноокен райондук салык кызматынын башчысы Таалайбек Уметалиевдин айтымында, топтолгон материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
«Кечээ, 11-март күнү салыктык рейддин жүрүшүндө керектүү коштоочу жана уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү май сактоо фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондун Момбеков айыл аймагында мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайлар — май куюучу жай жана жеке үйдүн короосундагы кампа табылган. Бул объектилерде тийиштүү уруксат документтери жок 6 тоннага жакын (5 872 литр) күйүүчү май сакталган.
Мындан тышкары, КММны сактоо эрежелерин бузуулар, пломбалардын жоктугу, ошондой эле башка бир катар укук бузуулар аныкталган. Бул фактылар боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди»,-деди ал.
Салык кызматы күйүүчү майларды сатуу жана аны сактоо эрежелерин колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык так сактоо керектигин эскертет.