Шамалды-Сай шаарында торпок уурдоого шектелген адамдар кармалды
Шамалды-Сайда жеңил унаада торпок уурдап бара жаткандар кармалды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, окуя 5-апрель күнү түнкү саат 23:05тер чамасында орун алган.
“Жол кыймылын тескеген инспекторлор кызмат учурунда турганда шек жараткан “АUDI А4” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны Ош облусунун 1984-жылы туулган тургуну К.У башкарып бара жатканы белгилүү болгон. Ал Ала-Бука районуна бара жатканын айткан. Унаа текшерүүгө алынганда арткы орундукта бир баш торпокту уурдап бараткандыгына шек жараткандыктан, Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”-,деп айтылат маалыматта.


