Токтогулда баасы 3.3 млн сом болгон бир нече объектилер мамлекетке кайтарылды

Токтогулда баасы 3.3 млн сом болгон бир нече объектилер мамлекетке кайтарылды
иллюстрациялык сүрөт

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук прокуратурасынан билдиришти. Маалым болгондой, көзөмөл органы мыйзамсыз менчиктештирилген фактыларды аныктаган.

«Райондун Өзгөрүш айылындагы №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун баасы 1.5 млн сом болгон 0,4 гектар жери жана аянты 22,56 чарчы метр имараты, Ак-Тектир айылындагы баасы 500.8 миң сомго жеткен 0,15 га жер, А.Суеркулов айыл аймагындагы баасы 1.35 млн сомду түзгөн 0,20 га жайыт жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды. Бул фактынын негизинде иш аракеттер көрүлүп, жалпы наркы 3.3 млн сомду түзгөн обьектилер мамлекетке кайтарылды»,-деп айтылат көзөмөл органы берген маалыматта.