Тогуз-Тородо медицина тармагындагы кадр муктаждыгы келишимдин негизинде чечилүүдө

Тогуз-Тородо медицина тармагындагы кадр муктаждыгы келишимдин негизинде чечилүүдө

Мындай маалыматты район акими Манас Мураталиев бүгүн Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында өткөн облустун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгын караган коллегияда билдирди. Анын айтымында ушул тапта 5 студент Бишкектеги медициналык окуу жайда билим алып жатат.

«Биздин район алыскы аймак болгондуктан, кадрлардын бизге келип иштөөсү маселе жаратат. Мындан улам акыркы 2 жылдан бери мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогору балл алган окуучуларга райондук админтсрация жана райондогу жалпы дарыгердик практикалык борбору тарабынан хадатайство жазып берип, келишимдин негизинде окутуп жатабыз. Биз тараптан Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы медициналык академия менен сүйлөшүүлөр болуп, биздин балдар бюджеттик негизде окуп жатат. Жыл сайын окуу жай биздин окуучулар үчүн 6 орун бөлүп берет. Былтыркы жылы 2 окуучубуз бюджетке өткөн, быйыл да 2 бүтүрүүчү бюджетке, 1 бала контрактык негизде окуу жайга өтүшкөн. Буйруса алар окуу жайды аяктагандан кийин районго келип иштеп беришет»,-деди аким Манасбек Мураталиев.

Кошумчалай кетсек, 6 айдын жыйынтыгы менен райондо 10 мед кызматкерге муктаждык бар. Былтыркы жылы 13 кызматкерге зарылчылык бар эле.