Таш-Көмүрдө 24 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 46 жаштагы киши ыктыярчылар тарабынан изделүүдөө
Бул тууралуу жергиликтүү тургун Чыңгыз Урматаалиев билдирди. Анын айтымында дайыны чыкпай жаткан киши жайлоого жылкы айдап келүү үчүн кеткен.
«Өткөн 2024-жылдын 15-декабырында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну, шаарга караган Сүттүү-Булак жайлоосуна жылкыларын айдап келүү үчүн кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Ошол күнү саат 20:00дөр чамасында досуна телефон аркылуу чалып кырдын үстүндө жылкыларды тапканын, кар жаап бороон болуп жаткандыктан жолдон адашып калганын, курсагы ачып үшүп калганын айтып, келип алып кетүүсүн өтүнгөн. Достору туманда айтылган жерге барып, аны таппай калган. Ал 4 баланын атасы, улгайган энесинин жалгыз камкорчусу болгон. Ал дайынсыз болгон 24 күндөн бери жергиликтүү тургундардан жана туугандарынан куралган ыктыярчы топ күн сайын Бишкек-Ош унаа жолунун Беке-Чал участкасынын жогору тарабында жайгашкан Сүттүү-Булак жайлоосунда издөө иштерин алып баруудабыз. Жол татаал ак кар, көк муз болгондуктан жергиликтүүлөрдүн дрондору менен карап жатабыз»,-дейт жергиликтүү тургун Ч. Урматаалиев.
Буга чейин ӨКМден Таш-Көмүр шаарындагы жайлоого кеткен адам изделип жатканын кабарлашкан. Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, 1 дрон, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 25 адам тартылган.