Быйылкы жылдын 10 айында өлкөдө 2418 жол унаа кырсыгы орун алды

Мындай маалымат бүгүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери эл менен жолуккан жыйында айтылды. Иш чарага КРнын ИИМдин ЖКККББнын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боенов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Облус казысы Нематулла Аажы Жээнбеков жана Сузак районунун, Жалал-Абад шаарынын тургундары катышты.
«Бүгүнкү күнү жол транспорт кырсыктарынын саны күн санап өсүп жатат. Бизди өкүндүргөнү кырсык менен катар адам өлүмү да өсүүдө. Мындан улам ИИМдин эки айлык иш-мерчемине ылайык башкармалыктын кызматкерлери эл менен жолугуп,кырсыктарынын келип чыгуу себеби, анын алдын алуу, жана жалпы жол кырсыктарынын санын азайтууну талкууланды . Алсак, жыл башынан берки 10 айда дээрлик 2500го чукул жол кырсыгы катталса, анда 1238 кырсык оң рулдуу унаалардын катышуусунда орун алган. Кырсыктын кесепетинен 114 адам каза болгон»,-дейт Бахрам Сайтходжаев.
Мындан сырткары ал акыркы мезгилде электро скутер, мапеттердин катышуусундагы кырсыктардын саны тездик менен өсүп жатканын айтып, сак болууга чакырды. Алсак, скутер, мапеттердин катышуусундагы 451 кырсык катталса, анда 16 адам өмүр менен кош айтышкан.
ИИМдин эсебинде ушул тапта өлкөдө 2 млнго чукул авто транспорт каттоого алынган.
Эске салсак, өткөн 2023-жылы 6945 жол унаа кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон.
"Акыйкат"