Манас шаары эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов жана Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Эрнист Жаманкулов Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Дунгуань шаарында иш сапары менен жүрүшөт.
Иш сапардын алкагында делегация бир катар өндүрүштүк ишканалардын жана мекемелердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда.Ошондой эле Манас шаарына инвестиция тартуу, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо багытында жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууларда тараптар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектүү кызматташтык багыттарын аныктоо маселелерин талкуулашууда.
Белгилей кетсек, бул иш сапар Манас шаарынын экономикалык потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.